super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Министр Бакыт Төрөбаев Таласта жетекчилер менен жыйын өткөрдү

 

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү акимдер жана айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жыйында министрликтин 5 артыкчылыктуу багыты жана мамлекет тарабынан дыйкандарга сунушталган жеңилдетилген насыя булактары боюнча кеңири презентация болду.

Талкууланган негизги долбоорлор:

  • "Айыл чарбасын каржылоо – 13"
  • "Өсүмдүк өстүрүү"
  • "Мал чарбачылык"
  • "Сууну үнөмдөөчү технологиялар"
  • "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоору

"Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоору 2025-жылдан тартып ишке кирди. Анын максаты – жеңилдетилген насыялар аркылуу кичи товардык өндүрүштү ирилештирүүгө көмөктөшүү жана дыйкандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Негизги шарттар:

  • Мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү менен алектенген бириккен өндүрүүчүлөргө - 25 миллион сомго чейин, 60 айга, 6 пайыздык чен менен;
  • Кластердик бирикмелер жана кайра иштетүү ишканалар үчүн –150 миллион сомго чейин, 60 айга, 6 пайыздык чен менен;
  • Ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар менен иштеген чарбаларга (тамчылатып сугаруу, күнөскана, МТС түзүү жана башка) –150 миллион сомго чейин, 60 айга, 6 пайыздык чен менен.

Долбоор республикалык бюджеттен жана "Айыл Банк", "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору тарабынан каржыланат.

"Сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Таласта бир нече кайра иштетүүчү ишканаларды, суу объектилерин ачып, жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрдү", - деп жазылат билдирүүдө






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: