Айлыгы 55 миң сомго чейин. Бишкекте 500 айдоочу ишке алынат
Бишкек шаардык мэриясы бүгүн, 18-апрелде муниципалдык кызматтардагы бош жумуш орундарынын тизмесин жарыялады.Ага ылайык, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасына 500дөн ашык айдоочу талап кылынат. Орточо айлык акы 50 000 – 55 000 сомго чейин.
Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0 (312) 53 17 89, 0 (312) 53 48 19 (кадрлар бөлүмү).
Ал эми «Бишкекжашылкурлуш» муниципалдык ишканасына 300дөн ашык кызматкер талап кылынат. Айлык акы 25 000 – 40 000 сомго чейин. Маалымат үчүн байланыш телефондору: 0 (312) 37 53 32, 0 (555) 448 884 (WhatsApp).
«Тазалык» муниципалдык ишканасына коомдук жайларды тазалоочулар, жүктөгүчтөр жана сезондук жумушчулар, жалпы 241 кызматкер талап кылынат. Айлык акы 15 000 – 35 000 сом. Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү номерге кайрылса болот: Телефон: 0 (555) 977 981.
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына инженерлер, жол жумушчулары, машинисттер жана айдоочулар талап кылынат.
Бош орундардын саны 92. Айлык акы 25 000 – 50 000 сом. Маалымат үчүн байланыш номери: +996 (555) 888 243.
«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына электрмонтёрлор жана эксковатор айдоочусу талап кылынат. Айлык акы 33 000 сомдон жогору болору айтылды. Маалымат алуу үчүн: 0 (312) 65 08 15, +996 (700) 004 049.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















