Бишкек мэриясы "Ош базардын" айланасында ири рейд жүргүздү







Ленин районунун акимиаты мэриянын тиешелүү кызматтары менен биргеликте Бейшеналиев көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки тилкеде ири рейд өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага төмөнкү түзүмдөр катышты:
- Ленин районунун акимиаты
- Шаар мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы
- Муниципалдык инспекция
- Ленин райондук ички иштер башкармалыгы
- "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемеси
- Мэриянын административдик бөлүмдөрү
- Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти
- "Тазалык" муниципалдык ишканасы
Иш-чаранын максаты шаардын архитектуралык, көркөм жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу.
Рейддин жүрүшүндө 29 жарнама, 67 мыйзамсыз орнотулган жарнама баннерлери демонтаждалып, 11 мыйзамсыз соода түйүндөрү жоюлду.
Мэрия мындай иштер улантыларын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:49
2025-08-16

11:13
2025-08-16

18:19
2025-08-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.