"Интервидение-2025" эл аралык музыкалык сынагына Кыргызстандан "Номад" триосу катышат
Орусияда өтө турган "Интервидение-2025" эл аралык музыкалык сынагына "Номад" триосу катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, 23-апрелде өткөн улуттук тандоо турунда “Номад” триосу жеңүүчү деп табылган. Трионун курамында Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев жана Азат Раимбердиев бар. Сынакка жалпы 14 аткаруучу катышып, 12 музыкалык номер көрсөтүлгөн.
Жеңүүчүлөрдү Кыргызстандын белгилүү артисттеринен жана музыка чөйрөсүндөгү кесипкөйлөрдөн турган калыстар тобу аныктаган. Мындан тышкары түз эфир учурунда көрүүчүлөргө “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон аткаруучу” аттуу атайын номинация боюнча добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилген.
Элдин колдоосу менен Урмат Токомбаев аталган номинациянын жеңүүчүсү болуп, 150 миң сомдук акчалай сыйлык менен сыйланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















