Баткендеги жаңжал боюнча Токон Мамытов Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардонго телефон чалды
Бүгүн, 11-январда вице-премьер-министр Токон Мамытов Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон менен Баткенде чек арачылардын ок атышуусу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.
Эки тарап чек ара чатагы боюнча биргеликте териштирүү иштерин жүргүзүүгө макулдашышты. Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчылары, ички иштер министрлеринин орун басарлары окуя болгон жерге жөнөтүлдү. Териштирүүнүн жыйынтыгы эки өлкөнүн вице-премьер-министрлерине билдирилет. “Зарылчылык болсо Токон Мамытов менен Муродали Алимардан окуя болгон жерде жолугушууга даяр”,- деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:25
2025-08-18

15:13
2025-08-17

Рейтинг:
0

Солдаттарга ден соолук!