Ошто коомдук жайда никаб кийгендерге эскертүү берилди
Ош облусунун аймагында жарандарга өлкөнүн дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ага милициянын, УКМК жана дин кызматкерлери катышууда.Облустук милиция маалымдагандай, мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүргөн жарандарга Укук бузуулар кодексине ылайык, жеке жактарга 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
"Жарандар тарабынан медициналык көрсөтмөлөрүнө, эмгектенүүсүнө жана кызматтык ишине, спорттук иш-чараларга катышуусуна, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүргөн жарандарга Укук бузуулар кодексине ылайык, жеке жактарга 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга жогоруда айтылган жагдайлар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү гана берилүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















