Сүлүктүдө эки ири көмүр кени ачылары айтылды
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки көмүр кени ачылат. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.Маалымдалгандай, “У Линь Групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр кени 2025-жылдын аягына ачылуусу күтүлүүдө. Ишкана жылына 1 миллион тонна көмүр өндүрүп, 300 адамды жумуш менен камсыз кылат. Аны ишке киргизүү үчүн керектелүүчү акча каражаты 40 миллион долларды түзөт, учурда 5 миллион доллары жумшалган.
Ал эми “Мурас-1” ЖЧКга таандык экинчи көмүр кендин кубаттуулугу жылына 800 тонна. Учурда ишкананын курулушуна 9 миллион сом жумшалган. Жалпы керектелүүчү акча каражаты 11,2 миллион сомду түзөт. Ишкананы жыл аягында пайдаланууга берүү пландалган.
Белгилей кетсек, аймакта 2025-жылдын аягына облуста 13 ири өнөр жай ишканасынын ачылуусу пландалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















