Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына унаалар берилди (фото)
Бүгүн, 29-апрелде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына 9 кызматтык унаа тапшырылды. Бул маалыматты министрликтен билдирди.
Кабарда белгиленгендей, унааларды жаратылыш министри Медер Машиев тапшырды. Кызматтык максатта берилген унаалардын арасында өлкөдө чогултулган 5 даана JAC T6 үлгүсүндөгү унаа жана 4 даана BYD SONG PLUS электромобили бар.
"Жаңы унаалар Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзүп, иштин сапатын жогорулатууга чоң салым кошот", - деп жазылат расмий билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















