Чүйдө жаранды унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу аэропорттон кармалды
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен жаран "Манас" эл аралык аэропортунан кармалды. Бул тууралуу 6-майда Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.Кабарга ылайык, 1-майда саат 22:45 чамасында айдоочу бир унааны жана жөө жүргүнчүнү сүзүп, жүргүнчү ооруканада каза болгон. Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү 29 жаштагы айдоочу экени аныкталган. Ал "Манас" аэропортунан кармалып, Кемин РИИБинин Тергөө кызматына жеткирилген.
Унаа айып аянтчасына токтотулуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















