Садыр Жапаров Ала-Арча паркында эл менен жолукту (видео)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Ала-Арча жаратылыш паркына барды. Бул туурасында президенттин маалымат саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына жазды.Анын айтымында, өлкө башчы ал жерде эс алып жүргөн жарандар менен жолугушуп, айрымдары менен сүрөткө түшүп, суроолоруна жооп берүүгө дагы үлгүрдү.
"Ала-Арча паркындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулап, жаратылышты коргоо чаралары күчөтүлдү. Мисалы, күйүүчү май менен жүрүүчү унаалардын кирүүсүнө тыюу салынып, алардын ордуна электромобилдер колдонууга берилди", - деп жазды ал.
Садыр Жапаров "Ала-Арча" жаратылыш паркына барды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















