Ирактагы жардыруудан улам бир түндө 24 адам набыт болду
Иракта 12-январдагы жардыруулардан 24 адам набыт болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Багдаддагы 3 жардыруу 15 адамдын өмүрүн алып кеткен жана андан кеминде 37 адам жаракат алган. Өкмөттүн армияга кабыл алынып жаткан жаңы жоокерлер турган аялдамадагы жардырууда 9 адам мерт кетти.
Ушундай эле окуя 9-январда катталып, анда 23 солдат террористтердин колунан каза тапкан.
2014-жылы саясий топтор менен диний агымдардын салгылашынан каза тапкандардын саны 440 адамга жетип, 2013-жылы 6 000ден ашуун адам набыт болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:03
2025-11-23
23:47
2025-11-21
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















