Нарындагы жер титирөө: Ак-Талаада 99 үйдүн дубалынан жарака кеткен
Нарында 12-майда болгон жер титирөөдө Ак-Талаа районунда жалпы 99 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үйү, 1 дүкөндүн дубалынан жарака кеткени аныкталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.Жарандык коргонуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, жарака кеткен имараттар төмөнкү айылдарда катталды:
- Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Көк-Жар айылында 36 үй;
- Жаңы-Талап айылында 28 үй, 1 маданият үйү;
- Ак-Кыя айылында 21 үй, 1 мектеп;
- Кадыраалы айылында 7 үй, 1 мектеп, 1 дүкөн;
- Кара-Ой айылында 7 үй, 1 мектеп
Эске салсак, Нарын облусунун аймагында 12-майда күчү 4 балл жана экинчи ирет 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















