Кыргыз-түрк экономикалык кызматташтыгы талкууланды
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев ал өлкөдөгү «Gelecek Holding» компаниясынын жетекчиси Тахсин Чимен менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.15-майда орун алган жолугушууда тараптар кыргыз-түрк экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Анда Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Өз кезегинде Чимен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча кеңири маалымат берип, өлкөдө компаниянын ишин кеңейтүү жана жаңы долбоорлорго жигердүү катышуу мүмкүнчүлүгүн кароо ниетин ырастады.
Казакбаев кыргыз тарап чет элдик инвесторлорго колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Тараптар сүйлөшүүнү улантууга жана келечекте кызматташуунун конкреттүү багыттарын иштеп чыгууга макулдашышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















