Бишкекте бир нече өлкөнүн парламент төрагалары чөлкөмдөгү коопсуздукту талкуулашты
Бүгүн, 19-майда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.Отурумга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Тажикстандын парламент төрагасы Файзали Идизода, Беларустун Улуттук жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко катышууда. Ал эми байкоочу катары Сербия парламентинин Коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Милован Дрецун катышып жатат.
Жыйында парламент жетекчилери уюмга мүчө мамлекеттердин аймагындагы коомдук-саясий жана аскердик кырдаалдын туруктуулугун камсыз кылуу, коопсуздукка залакасын тийгизген чакырыктарга менен коркунучтарга каршы аракеттенүү маселелерин талкуулап жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















