Кыргызстан курама командасы Кувейттеги машыгуу сборунун алкагындагы жолдоштук беттеште 2:2 эсебинде тең ойноду

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Кувейттеги машыгуу сборунун алкагындагы жолдоштук беттеште 2:2 эсебинде тең ойноду. Бул тууралуу кечээ, 12-январда КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курама команда Кувейттин “Аль Сулайбихат” клубу менен беттешип, 2:2 эсебинде тең чыкты. Кыргызстан курама командасынын тең ойноосуна шарт түзгөн 2 гол Азиз Сыдыков менен команданын капитаны Азамат Байматов тарабынан киргизилди.
Эске салсак, Кувейттеги машыгуу сбору Кыргызстандын 2014-жылкы АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына даярдыгынын алкагында жүрүп жатат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:49
2025-08-09
14:53
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.