Кара-Суу РИИБ жетекчисинин үч орун басары кызматтан бошотулду
ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, чечим кабыл алышты.Ведомство билдиргендей, өздөрүнө коюлган кызматтык милдеттерин жетишээрлик деңгээлде алып бара албагандыгы үчүн ИИМдин буйругу менен айрым кызматкерлер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду:
- Кара-Суу РИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Жоодат Бечелов;
- Кара-Суу РИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары Максатбек Мусаев;
- Кара-Суу РИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары Самарбек Маматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















