Чүй облустук ЖКККБнын башчысы Шаирбек Бопонов кызматынан бошотулду
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалынын башчысы Шаирбек Бопонов укук коргоо органдарынын катарынан биротоло бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн, 20-майда билдирди.Ага ылайык, мындай чечим ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн негизинде кабыл алынган.
"Ал укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын одоно түрдө бузгандыгы, жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу мезгилинде функционалдык милдеттерин аткарбагандыгы жана эч себепсиз кызматка чыкпай койгондугу үчүн укук коргоо органдарынын катарынан биротоло бошотулду", - деп билдирди министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















