Кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пункту иштеп баштады
Бүгүн, 22-майда кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” автомобилдик өткөрүү пункту иштеп баштады. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдирди.Маалымдалгандай, өткөрүү жеке жактар жана жеңил унаалар үчүн гана жеткиликтүү. Өткөрүү пунктунун иштөөсүн жандандыруу кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөгө жана өлкөнүн туристтик дараметин өнүктүрүүгө багытталган.
Айта кетсек, “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пункту 2024-жылы сентябрда убактылуу инфраструктураны түзүү менен жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ачылган. Ал эми 1-октябрдан тарта өтүү убактылуу токтотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















