Көкөмеренге балык уулоого кетип дайынсыз жоголгон жаранды издөө уланууда
Бүгүн, 25-майда Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө 41 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.Маалымдалгандай, издөөгө райондун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 8 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер, туугандарынан 25 адам чыкты. Ошондой эле 1 дрон менен айлананы кароо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Айта кетсек, 19-майда 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу адам балык уулоого чыгып кеткен боюнча үйүнө келген эмес. Анын кайырмагы суу жээгинен табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















