Кармаш урушу боюнча курама Дүйнө чемпиондугунда 3 медалга ээ болду
Кыргызстандын кармаш урушу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Бурса шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.Маалыматка ылайык, Кундузбек Турсунбеков 73 килограммга чейинки салмак категориясында 2-орунду ээледи. Ошондой эле Нурсултан Көккөзов (80 килограмм) жана Азат Жумабаев (85 килграмм) коло медалга ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучу Талас Токоров жана машыктыруучу Аманбек Кыдыралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















