Кыргызстанга Тажикстандын тышкы иштер министри расмий сапары менен келет
Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти."Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 30-июндан 1-июлга чейин расмий сапар менен Кыргызстанга келет", - деп айтылат маалыматта.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү пландалып, анда кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.
Эске салсак, эртең, 30-июнда Чолпон-Атада ЖККУнун ТИМ кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Учурда Кыргызстанга Орусиянын жана Казакстандын тышкы иштер министрлери келишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















