Өлкөдө айрым багыттар боюнча сырттан окууга убактылуу чектөө киргизилди
Өлкөдө айрым багыттар боюнча сырттан окууга кабыл алууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги кабарлады.Мындай чечим коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу жана кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2025-2026-окуу жылында төмөнкү багыттар боюнча бакалавр жана магистратура программаларына сырттан окуу формасына студенттерди кабыл алууга тыюу салынат:
- Юриспруденция;
- Экономика;
- Менеджмент.
Мораторий бардык менчик жана мамлекеттик ЖОЖдорго тийиштүү болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















