Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада алтын медаль алды
Кыргызстандык окуучулар Түндүк Македониянын Струга шаарында өткөн 29-Балкандык жаштар математика олимпиадасында байгелүү орундарга ээ болушту.Агартуу министрлиги билдиргендей, олимпиада 24-29-июнда болуп, ага 24 өлкөдөн 135 мектеп окуучусу катышты.
Олимпиадада Ариет Акимов (7-класс, “Газпром Кыргызстан” мектеби, Бишкек шаары) алтын медаль утса, Бектен Абдувалиев (7-класс, ISK эл аралык мектеби, Ош шаары) жана Адилет Шакиралиев (9-класс, Купуев академиясы, Ош шаары) коло медалга ээ болду.
Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан Балкандык жаштар математика олимпиадасында алгачкы жолу алтын медаль утту.
Балкандык математика олимпиадасы 1997-жылдан бери жыл сайын жаштар арасында өткөрүлүп келет. Кыргызстан ага 2015-жылдан бери катышып келүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн куржунунда жалпы 6 медаль: 1 алтын, 1 күмүш, 4 коло бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















