Орусияда чет өлкөлүктөрдүн SIM-карталары массалык түрдө өчүрүлө баштады
Бүгүн, 1-июлдан тарта Орусияда чет өлкөлүк жарандар үчүн уюлдук байланыш боюнча жаңы тартип күчүнө кирет. Бул тууралуу Орусиянын Санариптик өнүгүү министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, биометриялык каттоодон өтпөгөн чет элдиктердин SIM-карталары уюлдук операторлор тарабынан этабы менен өчүрүлөт.
"2025-жылдын башынан тарта чет өлкөлүк жарандар мобилдик байланыш оператору менен келишим түзүш үчүн Бирдиктүү биометрикалык тутум аркылуу каттоодон өтүшү керек. Мындан тышкары, бир адам өзүнө 10 SIM-картадан көп каттата албайт",- деп жазылат билдирүүдө.
Эгерде чет элдик жарандар буга чейин байланыш кызматын пайдалануу үчүн келишим түзүп, 1-июлга чейин биометрия тапшыра элек болсо, анын SIM-картасы өчүрүлө баштайт.
Өчүрүү бир нече этап менен ишке ашат:
- 3 айдан ашык убакыт колдонулбаган SIM-карталар дароо өчүрүлөт.
- Активдүү номерлерге төмөнкү чектөөлөр киргизилет:
• эл аралык жана шаарлар аралык чалууларга тыюу салынат;
• интернет ылдамдыгы төмөндөтүлөт. - 30 күндөн кийин (эгер биометрия тапшырылбаса):
• байланыш толук өчүрүлөт.
Бул убакыт ичинде колдонуучу келишимди жаңы эрежелер боюнча кайра каттатса, байланыш калыбына келтирилет.
Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 2 миллиондон ашык чет өлкөлүк жаран бирдиктүү биометриялык тутумга катталып, SIM-карталарын жаңы эрежелер боюнча каттаткан. Бул чаралар алдамчылыкты жана "көмүскө" SIM-карталарды жоюуга багытталган.

