Бириккен Араб Эмираттарында аба таксилеринин биринчи учуулары өткөрүлдү (видео)
Бириккен Араб Эмираттарында америкалык Archer Aviation компаниясынын жаңы муундагы аба таксилеринин сыноо учуулары башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Бул – Midnight деп аталган, толугу менен электр энергиясы менен иштеген, тик көтөрүлүп-конууга жөндөмдүү (eVTOL) биринчи учуучу аппарат. Алгачкы учуулар Абу-Дабиде өткөрүлүп, келечекте коммерциялык каттамдарды баштоо пландалууда.
Midnight аба таксиси төрт жүргүнчү жана бир учкуч үчүн эсептелген. Ал толугу менен электр менен иштейт жана тик көтөрүлүп-конуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аппарат шаардык шарттагы каттамдар үчүн ыңгайлаштырылат. Баштапкы учуулар эл аз жайгашкан аймактарда өтүп, андан кийин шаарлардын үстүнөн уча баштайт.
Midnight 12 электр кыймылдаткыч менен жабдылган. Аппарат ошондой эле туруктуу канатка ээ. Алдыңкы кыймылдаткычтар 0дөн 90 градуска чейин бурулуп, тик көтөрүлүүдөн горизонталдуу учууга 45 секунд ичинде өтөт.
БАЭде электр аба таксилеринин сыноо учуулары башталды

