Бактыяр Бокоев Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору болуп дайындалды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору болуп Бактыяр Бокоев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.Аны эмгек жамаатка агенттиктин директору Айбек Абдымомунов тааныштырды.
Абдымомунов жаңы дайындалган директордун алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын белгилеп, 2026-жылы өтүүчү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.
Эске сала кетсек, Бокоев буга чейин Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору болуп иштеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















