super.kg logo

Бишкектеги мейманканалардын биринде кыздар сабалды (видео)

 

Бишкекте кыздарды ур-токмокко алууга шектелип 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-июнда милицияга эки кыз арыз менен кайрылышкан. Арыз ээлери ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринде шектүү аларды ур-токмокко алганын айтышкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" жана "Тоноо" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, Биринчи май райондук сот тарабынан бир айга камакка алынган.

Учурда окуяга катыштыгы бар башка адамдардын өздүгүн аныктоо иштери жүрүүдө.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, кыздарды сабоого алгандардын арасында Ассоль Молдокматованын уулу, бийчи Жан Воинов жана анын жубайы бар.






04.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: