super.kg logo

Орусия дүйнөдө биринчи болуп Ооганстандагы Ислам Эмиратын расмий тааныды

 

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва Ооганстан Ислам Эмиратын расмий түрдө тааныганын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын президентинин аталган өлкөдөгү атайын өкүлү Замир Кабулов да кабарлады.

"Бул кадам Орусиянын Ооганстан менен толук кандуу өнөктөштүк мамиле курууга чын ниетин тастыктап турат",— деп билдирди Кабулов «Россия-1» телеканалында.

ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча, «Талибан» киргизген жаңы Ооганстандын желеги Москвадагы элчиликтин үстүнө илинди.

Reuters агенттиги белгилегендей, Орусия 2021-жылы «Талибан» бийликке келгенден кийин, аны расмий тааныган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды.

Белгилей кетсек, «Талибан» кыймылы 2021-жылдын август айында Ооганстанда кайрадан бийликке келген. Орусия акыркы үч жылда бул кыймыл менен дипломатиялык мамилелерди активдүү жүргүзүп келген жана 2024-жылдын май айында аны террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: