super.kg logo
  Спорт  

Юпп Хайнкес ФИФАнын версиясы боюнча “Мыкты машыктыруучу” болуп табылды

 

13-январда ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземинде “Мыкты машыктыруучу” наамын “Бавариянын” мурунку башкы машыктыруучусу Юпп Хайнкес алды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.

Юпп Хайнкесс бул наам боюнча талапкерлер Юрген Клопп менен Алекс Фергюсонду артка таштады. Өткөн жылдын эсебинен ал “Бавария” менен УЕФАнын Чемпиондор Лигасын, Германиянын Бундес лигасын жана Германиянын кубогун уткан.

Сыйлык алып жатып “Машыктыруучулук карьерамды аяктап жатканда алган сыйлык мен үчүн чоң мааниге ээ. Мен 10 жыл мурун мындай бийиктикти кыялданган да эмесмин. Андыктан терең ыраазычылык билдирем” деди.

Эске салсак, “Мыкты машыктыруучу” наамы 2010-жылдан бери тапшырылып келет. Наамды алгач 2010-жылы “Интер” менен УЕФАнын ЧЛсын уткан Жозе Моуринью алган. Андан соң “Барселонаны” болуп көрбөгөндөй мыкты командага айланткан Хосеп Гвардиола алса, 2012-жылы сыйлык ээси Испания курама командасы менен Европа чемпиондугун уткан Висенте дель Боске болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.01.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге кристиано ронольдо дуйнонун ен мыкты фудболчу наамын алганын жазбадынар. кече прямой ефирден кордум еле РОНАЛЬДО планетанын ен мыкты оюнчусу деп табылды.
14.01.2014. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
piter93, мезгилден артта калбаңыз:
http://www.super.kg/kabar/news/46659/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: