Казакстандын Дин башкармалыгы бийликтин никабга тыюу салуу чечимин колдой турганын билдирди
Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгы коомдук жайларда никаб жана бетти толук жаба турган башка кийимдерди кийүүгө тыюу салуу тууралуу бийликтин чечимин колдой турганын билдирди. Бул тууралуу 3-июлда башкармалыктын расмий сайтында жарыяланды.
"Бул чечим диний ишенимдерге же жеке тандоолорго каршы эмес, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгынан улам кабыл алынды. Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде мусулман өлкөлөрү да ушундай эле чараларды көрүшөт",- деп айтылат билдирүүдө.
"Куран жана хадистерден көрүнүп тургандай, аялдар бетин толук жаап жүрүүгө милдеттүү эмес. Бул салт биздин элдин да улуттук үрп-адаттарында кеңири тараган эмес",- деп түшүндүрүштү уюмдун өкүлдөрү.
Диний кызматкерлердин айтымында, ислам ар дайым коомдук тартипти, туруктуулукту жана тынчтыкты колдоп келген. Бул мыйзам диний сезимдерди басмырлабайт, тескерисинче, коомдук ынтымакты бекемдөөгө багытталган.
30-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коомдук жайларда бетин жаап жүргөн кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон. Мыйзам коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган.
