Дональд Трамп UFC чемпиондук беттешин Ак үйдүн аймагында өткөрө турганын жарыялады
АКШнын президенти Дональд Трамп UFC чемпиондук беттешин Ак үйдүн аймагында өткөрүү ниетин билдирди. Бул тууралуу ал Yahoo Sports басылмасына берген маегинде айтты.
Трамп иш-чара 2026-жылдын 4-июлунда — АКШнын Көз карандысыздык декларациясы кабыл алынган күндүн 250 жылдыгына арнала турганын айтты.
"UFC беттешин өткөрөбүз, ойлоп көргүлөчү, Ак үйдүн аймагында. Дананын (Уайт) бул ишти ишке ашырарына ишенем. Ал укмуш адам. Биз 20–25 миң киши бата турган чемпиондук беттеш өткөрөбүз",- деп билдирди Трамп.
Кийинчерээк Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Associated Press агенттигине билдиргендей, Трамп бул идеяны "олуттуу" деп айткан.
Трамп UFC уюмунун көптөн берки күйөрманы болуп саналат жана анын президенти Дана Уайт менен жакшы мамиледе. Трамп буга чейин бир нече жолу UFC мелдештерине катышкан. Өз кезегинде Уайт да Трампты көп жолу ачык колдоп, анын 2021-жылдагы инаугурациясына катышкан. Ошондуктан UFC беттешинин Ак үйдө өтүшү толук ыктымал.
Дана Уайт 2001-жылдан бери UFC уюмун жетектеп келет. Америкалык BetMGM букмекердик компаниясынын баалоосу боюнча, Дана Уайттын байлыгы 520 миллион долларга жетсе, UFC уюмунун наркы - 12,3 миллиард долларды түзөт.
