Ошто сууга түшүп кеткен эки өспүрүмдүн сөөгү табылды
Оштун Чоң-Алай районунун Шибе айылындагы сууга түшүп кеткен эки өспүрүмдүн жансыз денелери табылды. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 5-июлда билдирди.Анда кабарлангандай, 4-июль саат 20:20 чамасында Жантайма жайлоосунда жайгашкан көпүрөдөн өтүп бара жаткан учурда 16 жана 8 жаштагы эки бала сууга түшүп кеткен.
Кечээ издөө-куткаруу иштери жүрүп, кеч киргендиктен токтотулган.
Бүгүн, 5-июлда саат 7:00 чамасында эки баланын тең жансыз денелери табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















