Чет өлкөлөрдөн психотроптук дарыларды ташууга шектелген жаран кармалды




Өзгөчө ири өлчөмдөгү психотроптук препараттарды ташууга шектелип 34 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ташуу чет мамлекеттерден Кыргызстанга эл аралык почта жөнөтүүлөр аркылуу ишке ашырылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган жарандан чет өлкөдөн алынып келинген күчтүү таасир берүүчү 1550 таблетка дары табылган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 20 психотроптук таблетка, ошондой эле келип чыгышы жана укуктук статусу такталып жаткан башка дары-дармектер табылган.
ИИМ алынган препараттар өлкөдө тыюу салынган заттардын тизмесине кирерин белгиледи.
Тиешелүү соттук-химиялык экспертизалар дайындалган. Учурда аталган жеткирүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
