Техаста суу ташкынынан каза болгондордун саны 78ге жетти
АКШнын Техас штатында суу ташкынынын кесепетинен каза болгондордун саны 78ге жетти. Бул туралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Буга чейин Техас губернатору Грег Эббот Керр округуна коңшу аймактарда дагы 10 адам каза болгонун айткан.
Техастын бир нече округунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Көптөгөн жолдор бузулуп, телефон байланыштары үзгүлтүккө учураган.
Губернатор сүйлөп жаткан учурда Керр округунда каза болгондордун саны 59га жеткен, анын ичинен 21и балдар экени айтылууда. Каза болгон жана жоголгон балдар Керрвилл шаарына жакын жайгашкан Camp Mystic аттуу жайкы лагерде эс алып жүрүшкөн. Бул лагерь дарыянын жээгинде жайгашкан.
Куткаруучулар тик учактарды, кайыктарды жана дрондорду колдонуп, дайынсыз болуп жаткандарды издөө иштерин жүргүзүүдө.
