Парижде 1923-жылдан бери биринчи жолу Сена дарыясына түшүүгө уруксат берилди (видео)
Париждиктер жана Франциянын борборуна келген коноктор Сена дарыясына 1923-жылдан бери биринчи жолу түшүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу France 24 телеканалы кабарлады.
1923-жылы булгануу жана дарыя аркылуу кеме жүрүшүнө байланыштуу аталган дарыяга түшүүгө тыюу салынган. Эрежени бузгандарга 15 еврого чейин айып пул салынчу.
Сууга түшүүгө мүмкүн болгон аймактар 5-июлда шаардагы бир нече райондордо ачылды. Ачылыш аземине Париж мэри Анн Идальго жана шаардык полициянын башчысы Лоран Нуньес катышты. Идальго дарыяны тазалоо жана шаар тургундары үчүн сууга түшүү шарттарын түзүү боюнча чоң аракеттер болгонун белгиледи.
Шаар бийлиги суунун сапаты санитардык талаптарга жооп берет деп ишендирүүдө. Мэрдин орун басары Пьер Рабадан RMC радиосуна берген маегинде, суунун температурасы +25° градус экенин айтып, өзү да Сенада сүзүп көргөнүн кошумчалады.
Суунун сапаты реалдуу убакыт режиминде атайын сенсорлор жана лабораториялык анализдер аркылуу текшерилет. Коопсуздукту куткаруучулар жана полиция кызматкерлери камсыздайт.
Маалым болгондой, дарыяны түшүүгө ылайыкташтыруу үчүн Франция бийлиги 1,4 миллиард евродон ашуун каражат жумшаган, анын ичинде канализация системдери модернизацияланган.
Парижде 1923-жылдан бери биринчи жолу Сена дарыясына түшүүгө уруксат берилди
