Түп районундагы бир нече айылда сел жүрдү (видео)
Бүгүн, 8-июлда саат 13:10 чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.Маалым болгондой, Шаты айылында кокту-колоттон келген суулар арыкка батпай көпүрөдөн ташып, көчөлөрдү каптаган. Жерине айыл өкмөттөн 2 экскаватор, 1 хово, 1 жүктөгүч тартылып, иш алып барууда. Ал эми Күрмөнтү айылына 3 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылган. Ошондой эле Ак-Булуң айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү бир үйдүн короо жайын суу каптап, жеринде 2 экскаватор, 1 жүктөгүч иш алып барууда.
"Азыркы учурда ички чарбалык арыктардын нугу тазаланууда. Түп районунда абал туруктуу. Майда жамгыр себелеп жатат. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.
08.07.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















