Дайырбек Орунбеков ЖМК өкүлдөрүнө жана блогерлерге кайрылды
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана блогерлерге кайрылды.
Анда ал туристтик сезон маалында кырсыктарды, зордук-зомбулукту чагылдыруудан карманып туурууга чакырды.
"Силер да ар бириңер мекенди сүйгөн, Кыргызстандын патриот атуулусуңар. Өлкөбүз өнүксө деген тилек, кыял баарыбызда бар. Ал үчүн мамлекетибиздин аброю жакшы болушу абзел.
Биздин өнүгүүнүн бирден бир маанилүү булагы - туризм. Азыр туристтик сезон кызып турган учур. Дал ушул маалда болуп жаткан кырсыктарды, зордук-зомбулукту чагылдырбай, бир аз карманып турууну суранам.
Башка өлкөлөрдө да кырсыктар, атышуулар, адам өлтүрүүлөр сыяктуу окуялар болот. Бирок алардын жарандары, журналисттери жана блогерлери мындай окуяларды чагылдырууда өлкөсүнүн аброюна шек келтирбөө үчүн жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Анткени башка өлкөгө эс алууга барган туристтер социалдык тармактардагы жана интернеттеги маалыматтарды окуп, изилдешет.
Акыркы мезгилде жол кырсыктары, андагы оор көрүнүштөр, кандуу кадрлар, адамдын жанчылган денеси тартылган сүрөт-видеолор коомчулукка жарыяланып жатканын көрүп жатам. Мындай материалдарды таратуу менен эч кандай пайда таппайсыңар. Тескерисинче, адамдын аң-сезимине терс таасир тийип, коомдо агрессия, чочулоо жаралат.
Ошондуктан, урматтуу мекендештер! Өнүгүүнүн бирден бир булагы болгон туризм тармагына зыян тийгизбейли. Анын ордуна туристтик жайларыбызды, Кыргызстандын кооз табиятын, улуттук меймандостугубузду кеңири чагылдырып, жакшы жактарын көбүрөөк айтып, көрсөтөлү!",- деп жазды ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
miki87

09.07.2025. 13:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң туура айтылган сөз. Кылмыш жаза жоопкерчилик каралышы керек. Супер Инфо газетасы дагы азайткыла терс кабарларды. Кыргызстандагы терс кабар жетишпегендей акыркы күндөрү Россиянын жаман кабарларын кошуп алдынар. Кимге кереги бар? Ал кабардын.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.