super.kg logo

Кыргызстан менен Корея санариптик кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

 

Бүгүн, 10-июлда Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Кореянын Чунгчонбук-до провинциясынын Билим берүү башкармалыгы менен санариптик билим берүү багытындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Иш-чарага агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Кореянын Чунгчонбук-до провинциясынын губернаторунун орун басары Ким Тэ Хён башында турган делегация мүчөлөрү катышты.

Жолугушууда Махметкулов 12 жылдык билим берүү моделине өтүүдө өнөктөштөрдүн консультациялык колдоосу Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экенин, бул процессте мугалимдердин орду өзгөчө экенин, алардын квалификациясын жогорулатуу негизги ролду ойной турганын айтты.

Өз кезегинде Кореянын Чунгчонбук-до провинциясынын губернаторунун орун басары кыргыз тараптын сунуштарын кубаттай турганын билдирип, кыргызстандык мугалимдер Кореяда алган санариптик билимдерин мектеп практикасына ийгиликтүү жайылтарына ишенерин билдирди.

Меморандумдун алкагында Чунгчонбук-до провинциясынын Билим берүү башкармалыгы Кыргызстандын Агартуу министрлиги тандаган мугалимдер үчүн Кореяда окутуу программасын жана жергиликтүү санариптик билим берүү боюнча визиттик тренинг программасын ишке ашырат. Министрлик тренингге катыша турган мугалимдерди тандап, Кореядан келген санариптик билим берүү адистерине административдик колдоо көрсөтөт, ошондой эле жергиликтүү мектептерди координациялап, алар менен кызматташууну камсыздайт.

Андан тышкары Корея тарап Кыргызстандын мектептерине гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: