Нарында 4500 орундуу стадион курулууда
Нарын шаарында “Ала-Тоо” атылышындагы заманбап талаптарга жооп берген 4500 орундуу стадиондун эскиздик долбоору иштелип чыгып, учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, стадионго караштуу аймак 3,6 гектарды ээлейт. Ал жерде кийим алмаштыруучу жана тамактануучу жайлар, жатакана, конференц-зал жана бир нече административдик бөлмөлөр жайгашат. Ошондой эле VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү үчүн бардык шарттар каралган.
Курулуш иштери толугу менен Курулуш министрлигинин Нарын шаарындагы башкармалыгынын көзөмөлүндө экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















