Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Будапештте күмүш медаль алды
Кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүп жаткан рейтингдик турнирде күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.Белгилүү болгондой балбан мелдешке 61 килограмм салмак категориясында катышкан.
Ал алгачкы беттешинде түркиялык Эмрах Орманоглуну 2:1, 1/4 финалда индиялык балбан Удитти 5:0 эсебинде утту. Жарым финалда мекендеши Бекзат Алмаз уулу менен болгон беттеште 3:2 эсебинде жеңишке жетти.
Ал эми алтын байге үчүн болгон финалдык беттеште ушул жылдын Азия чемпиону, япониялык Такару Судага 3:5 эсебинде утулуп, турнирдин күмүш байгесин жеңип алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















