Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолуна ири өлчөмдө таш көчкү түштү
Бүгүн, 24-июлда болжол менен саат 12:00дө Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 280-281-чакырым аралыгында тоо бетинен ири көлөмдөгү таш көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Аталган тилкеде кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары тартылды. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат. Таш көчкүнүн көлөмү такталууда. Кошумча маалымат берилет.
Жол убактылуу жабык болгондуктан айдоочуларга башка альтернативдик жол багыттарын пайдалануу сунушталат.
Таш көчкү 24.07.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















