Туризмди өнүктүрүү. Оштогу Кара-Кой жайлоосуна кеткен жол толук асфальттанууда (видео)
Ош облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кара-Кой эс алуу аймагына алып баруучу жол толук реконструкцияланууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда облус жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди.Айта кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жерине барып унаа жолу толук оңдолорун айткан. Мындан улам облус жетекчиси Элчибек Жантаев тиешелүү жетекчилерге Телман - Кара-Кой жолунун долбоорун кыска мөөнөттө аяктоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берип, тездетүү талаптары коюлду.
"Жалпысынан узундугу 28 чакырымды түзгөн бул жолдун буга чейин 6 чакырымы асфальтталган болчу. Капиталдык салымдар беренеси боюнча каржыланган 3 чакырымдык бөлүккө да асфальт төшөлүп, толук бүткөрүлдү. Учурда калган 19 чакырым аралыгында жол куруу жана асфальт төшөө иштери мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүүдө",- деп кошумчаланган маалыматта.
31.07.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















