Караколго бара жаткан жол селден кийин калыбына келтирилүүдө
Бүгүн, 31-июлда Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол авто жолунун 97-123 чакырымдар аралыгында нɵшɵрлɵп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, кайра калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Маалым болгондой, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол авто жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында курулуп жаткан кɵпүрɵнү айланып ɵтүүчү убактылуу жолду жууп кеткен.
Жерине атайын техникалар тартылып, учурда унаалар үчүн жол камсыздалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















