Өлкөдө социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 1357 адамга көбөйдү
Кыргызстанда социалдык жөлөкпул алуучулардын саны көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Эмгек министрлиги билдирди.Маалым болгондой, 1-июлга карата ай сайын социалдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 112,1 миң адамды түздү. Төлөөгө багытталган жалпы сумма 4 миллиард 422 миллион 200 миң сомду түздү.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жөлөкпул алуучулардын саны 1 357 адамга көбөйдү.
Алардын ичинен:
• бала кезинен майыптыгы бар адамдардын саны 1 255 адамга көбөйүп, жалпы 40 948 адамга жетти;
• багуучусун жоготкон балдардын саны 434кө көбөйүп, жалпы 21 243 балага жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















