Тургундар пансионат таштандыларын жолго төгүп салганына даттанышты (видео)
Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылынын тургундары кайрылышты. Алар айылда жайгашкан "Дордой" пансионаты курулуш таштандыларын көл жээгине жакын жерге төгүп салышканына нааразычылыгын айтышты.
Айтымдарында тургундар пансионат өкүлдөрүнө кайрылганына карабастан, жыйынтык болбой келет.
"Дордой" пансионаты курулуш таштандыларын жолго төгүп салышкан. Бул жерден 500 метр аралыкта пляж жайгашкан. Жолдон эс алуучулар өтөт. Чалынып, жыгылышы мүмкүн. Оркойгон темирлери чыгып турат", - дейт тургун.
Мындан тышкары тургундар райондук экологиялык техникалык көзөмөл кызматы бул көрүнүшкө чара көрбөй жатканын дагы кошумчалашты.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
кошулду
03.08.25



