Оштогу “Келечек” базары жаңы жайга көчүрүлөт
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы курулган муниципалдык базардын жанындагы аймакка “Келечек” базарын көчүрүү боюнча соодагерлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.Жолугушууда мэр курула турган базардагы шарттары жана соодагерлер үчүн түзүлө турган мүмкүнчүлүктөр тууралуу түшүндүрмө берди. Бул кадам базардагы санитардык жана архитектуралык шарттарды жакшыртуу, сооданы ыңгайлуу жана коопсуз кылуу максатын көздөйт.
Соодагерлер жаңы базарга байланыштуу өз пикирлерин билдиришип, базардагы орун, ижара баасы жана башка маселелер боюнча суроолорун беришти. Жаңы базар заманбап талаптарга жооп берип, соодагерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















