super.kg logo

Бир тагдыр. Газада 9 жаштагы Мерьем согуштун кесепетинен 10 килограммга чейин арыктады

 

Израил чек араларды жаап, Газа тилкесинде ачарчылык уланып жаткандыктан, 9 жаштагы Мерьем Деввас өз салмагынын жарымынан көбүн жоготуп, жашоосу үчүн күрөшүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Израил киргизген блокада жана ачарчылык күн сайын ондогон адамдардын өмүрүн алып жатат. Акыркы 24 саат ичинде Газада дагы 5 палестиналык ачарчылыктан каза болуп, ачарчылыктан көз жумгандардын саны жалпы 180ге жетти, алардын 93ү бала.

Газанын түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарынан качып, түндүктөгү Жавазат районундагы үйгө баш калкалаган Деввас үй-бүлөсүнүн алты баласынын бири Мерьем, Израил киргизген блокаданын курмандыгы болуп калды.

Мерьемдин апасы 33 жаштагы Мүделлеле Деввас кызы согуш башталгандан бери жетишсиз тамактануу көйгөйүн тартып келгенин, бирок акыркы күндөрү чек аралардын жабылышы менен бул көйгөй абдан курчуганын айтты.

"Кызым тынымсыз салмак жоготуп жатат. Согуштун алдында 25 килограмм болчу, азыр болгону 10 килограмм. Түштүктөгү да, түндүктөгү да бир топ ооруканага алып бардым. Эки жума мурун "Оорулуу достор" аттуу ооруканада 1 ай жаттык, бирок пайдасы болбоду. Ал жерде да салмак кошподу. Анын болгону тамак-ашка муктаждыгы бар", - деди апасы.

Апасы кызы мурда ден соолугу жакшы болгонун жана аны ооруканага алып барам деп эч ойлобогонун айтат.

"Кызым акырындан өлүмгө бет алып жатат. Басканды токтотту. Эми аны эч ким сырттан көрбөйт. Мерьем деген кызым бар экенин унутуп калышты. Бул сенин кызыңбы деп сурагандар чыгууда", - деди ал.

Мүделлеленин айтымында, кызы мурдагыдай чуркап ойноону каалайт, бирок бат эле чарчап уктап калат. Ал азыр депрессияга түшүп калган.

Мерьем апасынан балык, жүзүм жана башка азыктарды сурайт, бирок апасы аларды таба албай жатат. Акыркы жолу Рамазан айында жардам алышкан. Жолдошу жумушсуз, киреше жок болгондуктан, кымбат баадагы азыктарды сатып алууга чама жетпейт.

Апасы үй-бүлөсүн багуу үчүн жардам бөлүштүрүү жайларына барууга мажбур болуп, бир жолу ал жерден бутун кокустатып алган. Ал жайларда башаламандык өкүм сүрөрүн, көпчүлүк адамдар жардам ала албай кайра кайтарын айтат.

"Кызым Мерьем үчүн аракет кылбаган нерсем калган жок. Акыркы үмүт – аны Газадан сыртка дарыланууга чыгаруу", - деди Мүделлеле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: