Apple компаниясы мээси iPad планшетине кошулган адамдын сүрөтүн жарыялады
Apple жана Synchron компаниялары нейроимпланттын жардамы менен майып адам iPad планшетин ойдун күчү менен башкара алганын көрсөткөн сүрөт жарыялашты.
Бул мүмкүнчүлүк Apple компаниясы май айында жарыялаган жаңы технологиянын жардамы менен ишке ашты. Ал технология мээ менен компьютерди байланыштырган интерфейсти түзмөктөргө Bluetooth аркылуу туташтырууга жол ачат.
Сүрөттө амиотрофиялык склероз оорусуна чалдыккан Марк Жексон аттуу киши Synchron компаниясынын Stentrode аттуу имплантынын жардамы менен эч кандай колдун, үндүн же көздүн жардамысыз эле планшеттин менюсунда кыймылдап, тиркемелерди ача алган. Жексон бул технология ага жакындары менен кайра баарлашууга, жаңылыктарды окууга жана дүйнө менен байланышын сезүүгө жардам бергенин айтты.
Apple компаниясынын негизги жаңылыгы - операциялык систем деңгээлинде мээ-интерфейс түзмөктөрүн кадимки клавиатура же чычкан сыяктуу тааный ала турган мүмкүнчүлүк. Мурун мындай жабдыктарды туташтыруу үчүн өзүнчө атайын чечимдер талап кылынчу..
Stentrode импланты мээге кан тамыр аркылуу киргизилет. Учурда мындай имплант АКШ жана Австралияда 10 адамга орнотулган.

