Индияда сел жүрүп, бир айылды толугу менен жууп кетти (видео)
Индиянын Уттаркаши шаарында күтүүсүздөн болгон сел бүтүндөй бир айылды жууп кетти. 50дөн ашык адам дайынсыз болуп, 4 адам каза тапты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.
"Жергиликтүү телеканалдардын видеолорунда тоодон түшкөн суу агымдары айылды каптап, үйлөрдү жана жолдорду жууп кеткени көрсөтүлгөн. Бул окуя Гималай тоолорунун этегиндеги Уттаркаши шаарында болгон",- деп айтылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, Дхарали айылынын жанындагы дөңсөөдөн агып түшкөн катуу суу агымы бир топ үйлөрдү жууп кеткен. Окуя болгон жердеги күбөлөр бул көрүнүштү видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялашкан.
Мындан бир аз мурун Уттаркашинин Харшил районундагы суу деңгээли көтөрүлгөндүктөн, райондук полиция X социалдык тармагындагы баракчасында абал кооптуу экенин билдирип, жарандарды суу объекттерден алыс болууга чакырган.
индия

