Инстаграм үч жаңы функциясын жарыялады
Инстаграм колдонуучулардын достору менен көбүрөөк өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында жаңы функциялар топтомун ишке киргизди. Бул тууралуу Meta компаниясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул жаңыртуу менен бирге постторду жана reels видеолорун кайра бөлүшүү, жайгашкан жери жана Reels үчүн "Достор" бөлүмү дүйнө жүзү боюнча жеткиликтүү болуп калды.
Инстаграм колдонуучуларга башкалардын ачык постторун жана Reels видеолорун өз профилдеринде кайра бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул бөлүшүүлөрдө ар дайым баштапкы автордун аты көрсөтүлөт.
"Кайра бөлүшүлгөн контент досторуңуздун жана катталуучуларыңыздын лентасында сунушталат. Ошондой эле, профилиңизде өзүнчө бир бөлүмдө сакталат", - деп маалымдады Meta.
Инстаграм эми колдонуучуларга өздөрүнүн акыркы активдүү жайгашкан жерин достору менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Колдонуучулар бул функция аркылуу досторунун же контент жаратуучулардын кайсы жерден бөлүшүүлөрдү жасап жатканын көрө алышат.
Бул функция:
- Демейде өчүрүлгөн болот;
- Колдонуучу уруксат берсе гана иштейт;
- Каалаган убакта өчүрүп салса болот.
Инстаграм Reels бөлүмүнө жаңы "Достор" деген өзүнчө бөлүм кошту. Бул жерде досторуңуз реакция кылган же жактырган ачык контенттерди көрө аласыз.
Бул функция 2025-жылдын башында сыналып баштаган. Азыр бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү. "Достор" бөлүмү Reels бөлүмүнүн жогору жагында жайгашат. Колдонуучу бул бөлүмдө эмне көрсөтүлөрүн өзү көзөмөлдөй алат.
